Меню
Эл-Сөздүк

КАЙМАК БЫШКЫЧ

жыгач идиштеринин бири. Түспөлү челектен бөлөкчөрөөк, бою сокудан да, челектен да узун болот. Анын бийиктиги 80—100 см дей жасалат. Бул ашкана буюмунун үч-төрт жеринде муунагы, бел куру (алкагы) бар. Ал темирден, көбүнчө талдан ийилет. Чабактары кудум челектей бекитилип, ичкелиги менен андан айырмаланат.
      Идиштин бишкеги сабаа бишкегине түспөлдөшөт. Анын узундугу 80—90 см, диаметри 13—15 см келет. Сүт сыртка чачырабагандай кылып, идиштин капкагын жаап, күпүлдөтө бышат. Муну Түштүк Кыргызстандын айрым жерлеринде «күү-күү» деп атайт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: